ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ТООК ЭТИНЕН ӨЗГӨЧӨ РЕЦЕПТ
KFC Америкада Харланд Сандерс тарабынан 62 жаш курагында жана ал буга чейин ар кандай жумуштарда: паромдун капитаны, камсыздандыруучу, жарык берүүчү приборлор дүкөнүндө сатуучу, юрист, шина сатуучу жана ал тургай акушер болуп иштегенден кийин негизделген! Бул иш чөйрөлөрүнүн баарында анын жолу болгон эмес, ал турмак иши оңунан чыкпаганда өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган!
Бардык жагдай 1930-жылга чейин уланган. Анан ал май куюучу станцияны ижарага алган, станцияда ресторан бар болчу. Ресторанда өзү гана билген рецепт боюнча даярдаган тоок этин саякатчыларга сатып баштаган!
Он жылдан кийин, 1940-жылы, ал өз рецептин өркүндөткөн. Анда 11 татымал жана чөп болгон, алардын айрымдары ошол май куюучу станциянын ашканасынын эшигине оюп түшүрүлгөн.
Биринчи KFC 1952-жылы ачылган, ал эми 1955-жылы өзгөчө рецепт патенттелген, Сандерс брендди өнүктүрүүгө каражат чогултуу боюнча марафон өткөргөн. Ал 1000ден ашык жолугушуу өткөргөн, акыры 1964-жылы 74 жашында KFCни инвесторлорго 2 миллион долларга саткан!
Дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндө 21 000ден ашык KFC рестораны иштейт. Кыргызстанда KFC 2016-жылдын 27-июнунда ачылган. Азыр 14 ресторан иштеп жатат.