Урматтуу коноктор, биз сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргызстандагы KFC ресторандары “Халал” стандарттарына толук шайкештигин тастыкташкандыгына бурабыз.

"Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" тиешелүү сертификатты берди.

Мындай сертификаттын бар экендиги ресторандарда тамактарды даярдоо жана сатуу үчүн бардык шарттар - азык-түлүктөрдү сатып алуудан жана тамактарды даярдоодон тартып, аларды конокторго берүүгө чейин камсыз кылууну билдирет.

Ошол эле учурда, KFC тамактары, Кыргызстанга бренд кирген учурдун башынан баштап, адал азыктарынан даярдалган, “Халал индустриясын өнүктүрүү борборунан” сертификат алуу да аны толугу менен тастыктады.

Сертификаттоо процесси бир катар текшерүүлөрдү камтыйт. Уюм технологиялык жабдууларды, товардык-материалдык баалуулуктарды, продукцияны өндүрүү жана сактоо үчүн идиштерди, товарлардын кошуналык жакындыгын, технологиялык карталарды (башкача айтканда, ар бир пункттун деталдуу курамы жана тамак бышыруу ыкмалары камтылган меню) текшерет, ошондой эле бардык азык-түлүк камсыздоочулардын “Халал” сертификаттарын текшерет. Аудиттин алкагында стандарттар боюнча толук даярдыктан өткөн кызматкерлердин чеберчилиги дагы текшерилди.

+
  • Жаңы эт

    Биз ар дайым эң жогорку сапаттагы жаңы тоок этин гана колдонобуз. Ошондуктан эт алып келүүчүлөрдү дагы өзгөчө дыккатык менен тандап алабыз жана биз колдонгон тоок эти эң мыкты экенине ишенебиз.

  • Тажрыйбалуу кызматкерлер

    Биздин ресторандарда атайын адистик окутуудан өткөн жогорку адистикке ээ кызматкерлер гана иштешет. Биздин сырдуу рецептер боюнча эстен кеткис даамдуу тоок этинен жасалган тамактарды жасоого дасыккан адистерге гана уруксат берилет.

  • Жогорку сапат

    Жаңы тоок эти жагымдуу панировкадагы кыртылдак тооктон жасалган тамактарынын, ачуу тоок канаттарынын, стрипстердин, бургерлердин жана салаттардын уникалдуу даамынын кепилдиги гана эмес, жогорку сапаттагы тамактарды алганыңыздардын дагы кепилдиги болуп эсептелет!

Таблицада көрсөтүлгөн тамактардын азыктык жана энергетикалык баалуулугу технико-технологиялык карталардын, лабораториялык изилдөөлөрдөн алынган маалыматтын жана эт алып келүүчүлөрдөн алынган азыктын баалуулугу боюнча маалыматтын негизинде түзүлгөн. Порциялардын көлөмдөрүнүн айырмачылыгы, аймактык жана мезгилдик айырмачылыктар менюдагы ар бир продукттун азыктык баалуулугуна таасир этүүсү мүмкүн.

Тамактардын курамындагы азыктары маалы менен өзгөрүүсү мүмкүн. Маалымат учурдагы менюнун негизинде берилген жана алдын ала кабарлоосуз өзгөртүлүүсү мүмкүн.