
- Ресторан кызматкери
- - эмгек акы жана сыйлыктар;
- - ийкемдүү график;
- - карьералык өсүүнүн тездиги;
- - эл аралык компаниядагы жумуш;
- - жумушка официалдуу орношуу;
- - тамак-аш компенсациясы.
- Иш орун жөнүндө кененирээк маалымат
Анкетаны толтурганыңыз үчүн жана KFCдеги иш орунуна болгон кызыгууңуз үчүн рахмат.
Сизди бизге туура келет жана биздин ийгиликтүү командабызга кошулат деген үмүттөбүз!
Биз талапкерлигиңизди сөзсүз түрдө карап көрөбүз жана туура келген учурда Сиз менен байланышабыз.
Сизге ийгилик жана жагымдуу күн каалайбыз!
Урматтоо менен,
KFC
Ресторан кызматкери – бул биздин компаниядагы иш тажрыйбасын талап кылбаган башталгыч иш орун.
Эгер сен ачык, позитивдүү, жоопкерчиликтүү жана энергиялуу болсоң - KFС компаниясынын эшиги сен үчүн ачык! – Сени бул жерден кызыктуу жумуш, жагымдуу атмосфера, көптөгөн эсте каларлык нерселер жана достор тосуп алат! ая
Эгер сенин биздин компания менен кошо өнүгүүгө каалооң болсо жана уюштуруучулук жөндөмдөрүңдү тартууласаң, анда сени карьералык өнүгүү күтүп турат! Ресторандын бардык кызматкерлери бир командада, чогуу иштешет. Бири-бирибизди колдоо жана жардам берүү менен биз бардык нерсени чогуу жеңебиз!
Талапкердин өздүк маалыматтарын берүү тартиби жана жарнамалык-маалыматтык билдирүүлөрдү алуу шарттары:
1.1. Талапкер бул сайт аркылуу "Фуд Дрим" ЖЧКсына анкета жөнөтүүдө өздүк маалыматтар болуп эсептелген талапкердин: аты-жөнү, жашы, жарандыгы, мобилдик телефон номери, электрондук почта дареги тууралуу маалыматтарды берет жана төмөндөгүлөргө макулдугун билдирет.
1.2. Бул сайт аркылуу өздүк маалыматтарын жөнөтүү менен талапкер "Фуд Дрим" ЖЧКсына ишке орношуу мүмкүндүгү максатында "Фуд Дрим" ЖЧКнын маалыматтарды иштеп чыгуусуна макулдугун билдирет.
1.3. Ишке ашырууга макулдук берилген өздүк маалыматтарды кароо иш-аракетинин тизмеси, "Фуд Дрим" ЖЧКсында колдонулган иштеп чыгуу ыкмаларынын жалпы түшүндөрмөсү: кабыл алуу, топтоо, системага салуу, чогултуу, жеке жоопкерчилигин жок кылуу, бекитүү, өздүк маалыматты жок кылуу, үчүнчү жактардын дагы өздүк маалыматтарын жок кылуу; сактоо (электрондук вариантта жана кагаз жүзүндө) өздүк маалыматтарды тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү) өздүк маалыматтарды кабыл алуу, жөнөтүү, анын ичинде чек аралар аралык кабыл алуу, жөнөтүү (мындай кабыл алуу, жөнөтүү түрү талапкердин кошумча макулдугусуз ишке ашырылат); ж.б. иш-аракеттер
1.4. Маалыматтар төмөндөгүдөй иштелип чыгат: автоматташтыруу каражаттарын колдонуу аркылуу же мындай каражатты колдонбостон; жөнөтүү жана жөнөтүүсүз жалпы байланыш желелери боюнча
1.5. "Фуд Дрим" ЖЧКсы талапкердин өздүк маалыматтарын электрондук маалыматтар базасына киргизүү, каттоого алуу, отчеттук форма аркылуу, ж.б. иштеп чыгууга арналган бардык ыкмалардын жардамы менен иштеп чыгууга укугу бар.
1.6. Талапкер өздүк маалыматтарын Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарына жана мекемелерине алардын жазуу жүзүндөгү суроосу аркылуу берүүгө макулдугун берет. Мындай жөнөтүү талапкердин кошумча макулдугусуз жүргүзүлөт.
1.7. Талапкер "Фуд Дрим" ЖЧКсына электрондук кат түрүндө (сайт аркылуу жөнөтүлгөн талапкердин анкетасында көрсөтүлгөн электрондук дарекке дагы), смс-билдирүү аркылуу жана электробайланыш желеси аркылуу жөнөтүүнүн бардык ыкмаларында, муну менен бирге телефондук, факстык радиотелефондук байланыш, маалымат жөнөтүү желелеринин (сайт аркылуу жөнөтүлгөн талапкердин анкетасында көрсөтүлгөң мобилдик телефон номерине дагы) каражаттарын колдонуу аркылуу, о.э. Интернет желесиндеги социалдык ж.б. сайттар аркылуу бардык акция, жаңылыктар, арзандатуулар, ж.б. "Фуд Дрим" ЖЧКсы жөнүндөгү келечектеги маалыматтарды, жарнамаларды, жарнамалык-маалыматтык билдирүүлөрдү (шилтемелерди) талапкерге чексиз мөөнөттө жөнөтүү укугуна макулдугун берет. Талапкер муну менен бирге "Фуд Дрим" ЖЧКсына бул сайт аркылуу жөнөтүлгөн анкетада көрсөтүлгөн электрондук дарек талапкерге гана тиешелүү экендигин тастыктайт, о.э. бул сайт аркылуу жөнөтүлгөн талапкердин анкетасында көрсөтүлгөн номер байланыш оператору тарабынан талапкерге берилген номер болуп эсептелет жана талапкер бул сайт аркылуу жөнөтүлгөн анкетада маалыматтардын туура эмес көрсөтүлүүсүнөн улам "Фуд Дрим" ЖЧКсы тарткан зыянды толук түрдө төлөп берүүгө милдеттендирилет.
1.8. "Фуд Дрим" ЖЧКсы кабыл алган маалыматтардын таратылуусу:
1.8.1. "Фуд Дрим" ЖЧКсы талапкерден алган маалыматтарды таратпоого милдеттендирилет. "Фуд Дрим" ЖЧКсынын келишиминин негизинде иштеген агенттерге жана үчүнчү жактарга талапкер тууралуу маалыматтын берилүүсү эреже бузуу деп эсептелбейт.
1.8.2. Мыйзамдын негиздүү талаптарын ылайык маалыматтардын берилүүсү эреже бузуу болуп эсептелбейт.
1.9. "Фуд Дрим" ЖЧКсы "cookies" технологиясын колдонууга укугу бар. "Cookies" жашыруун маалыматтарды камтыбайт жана үчүнчү жактарга берилбейт.
1.10. "Фуд Дрим" ЖЧКсы сайттын колдонуучусунун (талапкердин) ip-дареги тууралуу маалыматты алат. Бул маалымат колдонуучунун (талапкердин) өздүгүн тактоо үчүн колдонулбайт.
1.11. Талапкердин макулдугу өздүк маалыматтар берилген күндөн тарта жазуу жүзүндөгү макулдукка чейин колдонулат жана андан кийин өздүк маалыматтар мыйзамда каралган максаттар үчүн гана колдонулат.